Курумдыда каза болгон эки альпинисттин сөөгүн ылдый түшүрө башташты, үчүнчүсүн издөө уланууда

Курумды (Корумду) чокусунда тоого чыгуу учурунда дайынсыз жоголгон альпинисттер тобунун эки мүчөсүнүн сөөгүн ылдый түшүрүү операциясы башталды. Үчүнчү адамды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу издөө-куткаруу операциясынын катышуучусу Александр Смирнов кечээ билдирди.
Анын айтымында, операциянын жаңы этабы 25-август күнү эртең менен башталган.
«Тик учак беш альпинисттен турган команданы болжол менен 4 миң 300 метр бийиктиктеги мөңгүгө жеткирди. Жерге түшкөндөн кийин куткаруучулар лагерь куруп, дароо ишке киришти. Кечке жуук алар дайынсыз жоголгон топтун эки мүчөсүнүн сөөгүн табышты. Андан соң команда аларды тоодон түшүрүүгө даярдык көрө баштады. Үчүнчү альпинистти издөө уланууда», – деп билдирди Смирнов.
Азырынча операциянын жүрүшү боюнча кененирээк маалымат алуу мүмкүн эмес. Уюштуруучулар түшүндүргөндөй, бийик тоолуу лагерь менен байланыш бир тараптуу болууда.
Ал тактагандай, азыркы этапка узакка созулган даярдыктар көрүлгөн – өткөн жуманын ичинде уюштуруучулар татаал бийик тоолуу шарттарда иштөөгө даяр тажрыйбалуу альпинисттерди издеп, тик учакты тартуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, керектүү жабдууларды чогултуп жана логистиканы түзүшкөн.
«Мындай операцияны жөн эле жарыялап коюуга болбойт, аны бөлүк-бөлүк менен гана чогултууга мүмкүн жана бардык бөлүктөр аба ырайы менен бир күнгө туура келиши керек. Бүгүн алардын баары төп келди», — деди Смирнов.
Буга чейин Курумды чокусундагы издөө-куткаруу операциясы аба ырайынын шарттарына байланыштуу бир нече жолу татаалдашкан болчу. Августтун башында издөө жүрүп жаткан аймакта калың кар жаап, активдүү иштерди убактылуу токтотууга туура келген.
Аба ырайы жакшыргандан кийин издөө иштери DJI M30T дронун (учкучсуз аппаратын) колдонуу менен улантылган. Дрондун иштеши үчүн 1 миң 500 метрлик учуу бийиктигинин программалык чеги алынып салынган, бул бийик тоолуу тилкелерди текшерүүгө мүмкүндүк берди.
Издөө учурунда аркандар, ал эми 5 миң метрдей бийиктикте бош чатыр табылган. Аймак болжол менен 5 миң 550 метр бийиктикке чейин текшерилген.
Курумды чокусунда үч чет элдик альпинист — Беларустун эки жараны жана Литванын бир жараны изделип жаткан. Алар 6 миң 614 метр бийиктиктеги чокуга чыгуу учурунда дайынсыз жоголушкан.
Курумды чокусу Кыргызстан, Тажикстан жана Кытайдын чек арасындагы Чоң-Алай кырка тоосунда жайгашкан. Бул чокуга биринчи жолу 2001-жылы чыгышкан.