Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Кочкордо 500 орундуу жаңы мектеп курулду
28.08.2026 | 12:17
Нарын облусунун Кочкор айылында И. Арабаев атындагы 500 орундуу мектеп курулду. Окуу жайы келе жаткан окуу жылында пайдаланууга берилет.
Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, курулуш иштери 2023-жылдын октябрь айында башталган. Курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган.
Жаңы мектеп үч кабаттан турат, аянты 4136 чарчы метр. Ичинде окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, компьютердик класс, эмгек кабинети, дарыгер бөлмөсү, жыйындар залы жана спорт залы жайгашкан. Ошондой эле мектептин аймагында футбол, волейбол, баскетбол жана машыгуу аянтчалары уюштурулган.




