Кыргызстандыктар «Түндүктөн» алардын маалыматтарын кимдер караганын көрө алышат

29.09.2026 | 10:07
Кыргызстандыктар «Түндүктөн» алардын маалыматтарын кимдер караганын көрө алышат — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда жарандар «Түндүк» тиркемеси аркылуу алардын жеке маалыматтарын ким, качан, кандай максатта жана кайсы негизде караганын (сураганын) биле ала турган кызматты (сервисти) иштеп чыгуу пландалууда. Ошондой эле тиркеме аркылуу түз эле даттануу жөнөтүүгө мүмкүн болот.

Мындай чара 2026–2030-жылдарга жеке маалыматтарды коргоону өнүктүрүү стратегиясынын долбоорунда жана аны ишке ашыруу боюнча Жол картасында каралган.

Сервисти 2026-жылдын төртүнчү кварталына чейин түзүү пландалууда. Бирок сервисте укук коргоо, сот жана улуттук коопсуздук органдарынын мыйзамда белгиленген ыйгарым укуктарынын алкагында жасаган суроо-талаптары көрсөтүлбөйт.

КР Министрлер кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин токтом долбоору ченемдик укуктук актыларды коомдук талкуулоонун Бирдиктүү порталына жарыяланды.

Негиздеме-маалымкатка ылайык, коюлган милдеттердин катарына мамлекеттик маалыматтык системаларды коргоону күчөтүү, санариптик инфраструктураны өнүктүрүү, мамлекеттик көзөмөлдү өркүндөтүү, адистерди даярдоо жана заманбап санариптик кызматтарды киргизүү кирет.

2026-жылдын аягына чейин мамлекеттик санариптик инфраструктура менен байланыштырылган Жазуулардын ээлеринин реестрин түзүү пландалууда. Анда жеке маалыматтарга байланышкан инциденттер, мыйзамдардын сакталышын текшерүү жана мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартуу тууралуу маалыматтар камтылат. Реестрди «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү платформасы аркылуу мамлекеттик маалымат тутумдары менен интеграциялоо каралууда.

Дагы бир багыт — Жеке маалыматтардын ээсинин бирдиктүү санариптик кабинетин түзүү. Ал аркылуу билдирмелерди жана отчетторду тапшырууга, буйруктар менен кеңештерди алууга, айып пулдарды төлөөгө жана текшерүүлөрдү көзөмөлдөөгө мүмкүн болот. Мындай кабинетти 2028-жылдын төртүнчү кварталына чейин ишке киргизүү пландаштырылган.

Стратегия жеке маалыматтардын сыртка чыгып кетишине жана алардын коопсуздугунун башка бузулушуна көзөмөлдү күчөтүүнү да карайт. 2027-жылдын аягына чейин мындай инциденттерди каттоонун улуттук системасын түзүү жана Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикке милдеттүү түрдө кабарлоо механизмин киргизүү каралган.

2028-жылдын аягына чейин инциденттерге мониторинг жүргүзүүнүн маалыматтык-аналитикалык системасын ишке киргизүү пландалууда. Ал эреже бузуу тенденцияларын талдоого жана мамлекеттик статистиканы түзүүгө шарт түзөт.

Өзүнчө бир бөлүк балдарды жана интернеттеги башка аялуу катмарларды коргоого арналган. 2027-жылдын экинчи кварталына чейин балдар жана жаштар үчүн жеке маалыматтарды коргоо, интернетти коопсуз пайдалануу, кибербуллингге жана алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча билим берүүчү материалдарды даярдоо каралууда.

Аялдар, балдар, улгайган жарандар жана майыптыгы бар адамдар үчүн санариптик зордук-зомбулуктун, кибербуллингдин, интернет-алдамчылыктын жана фото-видео материалдарды мыйзамсыз таратуунун алдын алуу боюнча атайын программалар иштелип чыгат.

Мындан тышкары, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жеке маалыматтарды коргоого жооптуу адистер институтун өнүктүрүү пландалууда. Алар үчүн жыл сайын квалификацияны жогорулатуунун милдеттүү программасын киргизүү көздөлүүдө.

2028-жылга чейин тобокелдикке багытталган мамлекеттик көзөмөлдүн санариптик системасын киргизүү сунушталууда. Ал кооптуулугу жогору объекттерди автоматтык түрдө аныктап, ак ниет операторлорго түшкөн административдик жүктү азайтат.

Дагы бир багыт жасалма интеллектке байланыштуу. 2028-жылдын аягына чейин жасалма интеллектти жана автоматташтырылган чечимдерди кабыл алууну колдонууда жеке маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча методикалык сунуштамаларды даярдоо пландалууда.

Андан сырткары, стратегия маалыматты коргоо каражаттарын тастыктоонун (сертификациялоонун) улуттук тутумун өнүктүрүүнү, сертификаттардын санариптик реестрин түзүүнү жана Кыргызстандын мыйзамдарын 108+ Конвенциясынын жоболоруна шайкеш келтирүү боюнча сунуштарды даярдоону карайт.

Reporter.kg’нин маалымкаты: 108+ Конвенциясы — жеке мүнөздөгү маалыматтарды автоматташтырылган түрдө иштеп чыгууда жеке жактарды коргоо жөнүндө жаңыланган конвенция. Бул адам укуктарын жана санарип доорунда жеке жашоого кол тийбестикти коргоого багытталган Европа Кеңешинин эл аралык юридикалык жактан милдеттүү келишими болуп саналат.

Долбоор коомдук талкууну талап кылбай тургандыгы белгиленет, анткени авторлордун корутундусу боюнча, ал жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана милдеттерин козгогон жаңы жөнгө салууларды киргизбейт жана ишкердик ишмердүүлүктү жөнгө салбайт.

Анара Мамытова

Scroll to Top