Кыргызстан менен Оман биргелешкен инвестициялык фонд түзүү маселесин карашууда

Кыргызстан менен Оман Султанатынын ортосунда кыргыз-оман инвестициялык өнүктүрүү фондун түзүү маселеси каралууда. Бул тууралуу 5-октябрда Кыргызстандын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров менен Омандын Тышкы иштер министрлигинин Борбордук Азия департаментинин башчысы Шейх Аль-Аббас бин Ибрагим Аль-Харти баштаган делегациянын жолугушуусунда талкууланды.
Сүйлөшүүлөр эки өлкөнүн экономика, соода, энергетика, транспорт, туризм жана айыл чарба тармактарындагы мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн. Кызматташтыктын негизги багыттары катары кайра жаралуучу энергия булактары, туризм жана курорттук инфратүзүм, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, логистика, авиация жана санариптештирүү тармактары аныкталган.
Равшанбек Сабиров Кыргызстан омандык инвестицияларды тартууга кызыкдар экенин жана өнөктөштүк үчүн шарттарды түзүүгө даярдыгын билдирген.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар инвестициялык институттар менен бизнес чөйрөнүн ортосунда түз байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле биргелешкен инвестициялык форумдарды жана бизнес-миссияларды уюштуруу боюнча макулдашкан.