Бийликти басып алууга шектелип кармалгандардын арасында талапкерлер дагы бар

Бийликти басып алууга шектелип кармалгандардын арасында талапкерлер дагы бар

Бийликти басып алууга шектелип кармалгандардын арасында парламенттик шайлоого «Жашылдар» партиясынын тизмеси менен катышып жаткан талапкер Бекназар Купешов бар экени белгилүү болду. Бул тууралуу анын агасы Деңиз Бекишев «Азаттыкка» билдирген.

Анын айтымында, талапкер өз үйүнөн кармалган.

«15 киши кармалды деген маалымат чыкпадыбы, ал ошонун катарында экен. Ал «Эл ынтымагы» партиясынын катарында болчу. Аны Бишкектин Тунгуч кичи районундагы үйүнөн кармады. Жөнөкөй эле жүрчү, такси кылчу, өзүнүн деле үйү жок, батирде турчу, ишкер деле эмес. Бирок өзүнүн «бийлик элди карабайт, жаштар көчөдө талаадабыз, жарымы мигрант болуп кетти» дегендей пикирлерин «Фейсбук» баракчасына жазчу», — деди ал.

 

Бекишов инисинин «бийликти басып алууга» шектелип жатканына макул эмес.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекетти комитети 15 киши шайлоо бүткөндөн кийин бийликти курал менен басып алууга шектелип 15 кишини кармаганын билдирген болчу.

Бийликти басып алууга шектелип 15 киши кармалды (ФОТО)

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>