«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын дагы бир мүчөсү кармалганы айтылууда 

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын дагы бир мүчөсү кармалганы айтылууда 

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Нурик Кайназаров Россияда кармалды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге өздүк булактар билдиришти.

Саясый уюмдун активисттин Россиянын укук коргоо органдары кармашкан. Аны бүгүн Кыргызстандын укук коргоо органдары Кыргызстанга алып келери күтүлөт.

Бүгүн Жогорку Кеңеште депутат Гуля Кожокулова жалпысынан партиянын 20дан ашык мүчөсү кармалганын айтты. Ал Башкы прокуратура, УКМКдан ар бир кылмыш иши боюнча маалымат талап кылды.

Эл өкүлү фракция лидери Адахан Мадумаровдун иши тергелип бүтүп, сотко өткөнүн, бүгүн сот иш боюнча алдын алуу угуу өтөрүн кабарлады. Гуля Кожокулова Башкы прокуратурадан иш боюнча толук маалыматты сурады.

Эскерте кетсек, 2-сентябрда Адахан Мадумаров милиция тарабынан кармалып, ИИМдин Тергөө кызматына суракка алынып кеткен. Мадумаров 2009-жылы кол койгон кыргыз-тажик чек арасы боюнча (Төрт-Көчө боюнча) протоколго байланыштуу козголгон кылмыш иш боюнча кармалган. Буга чейин 22-июнда парламент Мадумаровду «бийликтен аша чабуу» беренеси боюнча кылмыш жообуна тартууга макулдук берген. Бирок кийинчерээк аталган берене «мамлекеттик чыккынчылык» беренесине өзгөртүлгөнү 2-сентябрда белгилүү болду.

6-сентябрда парламенттин жыйында депутат Гуля Кожокулова 2022-жылы Жогорку Кеңеш Мадумаровду «мамлекеттик чыккынчылык» беренеси боюнча кылмыш жообуна тартуудан баш тартканын жана тиешелүү токтом азыр да күчүндө экенин айткан. Башкача айтканда, укук коргоо органдарында Мадумаровду «мамлекеттик чыккынчылык» беренеси жоопко тартууга парламенттин макулдугу жок экенин белгилеген.

Мадумаров УКМКнын тергөө абагына 24-октябрга чейин камакка алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>