Ооганстандагы кыргыздарга гумжардам жеткирилди (сүрөт)

Ооганстандагы кыргыздарга гумжардам жеткирилди (сүрөт)

Ооганстанда жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УКМК билдиргендей, аталган жардам президенттин тапшырмасы менен көрсөтүлгөн.

Маалыматка караганда, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция, Саламаттык сактоо, Айыл чарба, Тышкы иштер жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен турган гуманитардык экспедиция Бадахшан провинциясына, ошондой эле Ооганстандын Кичи жана Улуу Памирине унаа менен 2 тоннага жакын дары-дармектердин жана ветеринардык препараттардын партиясын жеткирген..

Медицина кызматкерлеринин катарында педиатр, терапевт, стоматолог, гинеколог болуп, алар бийик тоолуу шартта, 4200 метр бийиктикте үч күн ичинде 600дөн ашык муктаж болгон жергиликтүү тургундарды медициналык кароодон өткөрүп, дарылашкан. Ветеринарлар эпизоотиялык абалды изилдеп, 700дөн ашык бодо малды жана майда малды эмдөөдөн өткөрүштү. Ошондой эле жергиликтүү тургундарга ветеринардык дары-дармектер берилип, аларды ар кандай оорулардын алдын алуу үчүн колдонуу боюнча окуулар өткөрүлдү.

«Гуманитардык миссиянын жыйынтыгы боюнча ооган бийлиги жана Ооганстанда жашаган этникалык кыргыздар президентке, министрлер кабинетине жана Кыргызстандын элине көрсөткөн ар тараптуу камкордугу үчүн ыраазычылык билдирип, бул жардамды тарыхый деп баалашты», — деп билдирет УКМК.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>