Билим берүү уюмдарында окуучуларды медициналык каттоодон өткөрүү санариптештирилет

18.05.2026 | 14:42

Президенттик администрациянын аппараттык жыйынында билим берүү уюмдарында окуучуларды профилактикалык кароодон өткөрүүнү жана оорусу боюнча каттоого алууну санариптештирүү реформасына старт берилди. Өкмөттүн маалыматында, бул демилге өкмөттүк акселераторлордун алкагында ишке ашырыла турган үч реформанын бири болуп саналат. Жыйын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги астында өттү.

Реформалардын катарында чет өлкөлөрдө формалдуу эмес сектордо эмгектенген мигранттар үчүн мамлекеттик пенсиялык камсыздандырууга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү бар. Ошондой эле медициналык, фармацевтикалык ишмердүүлүктү лицензиялоо процессин жөнөкөйлөтүү реформасына старт берилди.

Мындан тышкары, жыйында «Инвестициялар» автоматташтырылган маалыматтык системасы жана сыйлыктарды берүү процесстерин электрондук форматка өткөрүү үчүн «Сыйлык» маалыматтык системасы иштелип жаткандыгы тууралуу маалымат берилди.

Министрлер кабинетинин төрагасы мамлекеттик органдарга аталган реформаларды 100 күндүн ичинде ишке ашыруу жана конкреттүү натыйжаларды көрсөтүү тапшырмасын берди.

Scroll to Top