Дастан Бекешев: Орунтаев менен мэр Бишкекти маскаралап бүтүштүЯндекс Кыргызстан экономикага кошкон салымы үчүн Экономика министрлигинин сыйлыгын алдыИИМ мектеп окуу китептерин сатуу боюнча кылмыш иши козголгонсун тастыктадыКыргызстан АКШдан 10 магистралдык жүк ташуучу локомотив сатып алатКараколдун мэри Иманов — Ширшовдун фондунун миллиарддары, туризм жана сындар тууралууЭрлист Акунбеков Пекиндеги форумда транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүнүн төрт багытын сунуштады
Январь-апрель айында Кыргызстандын ИДПсы 602,8 млрд сомду түздү
18.05.2026 | 15:10

Үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларынын жыйынтыгы менен ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү алдын ала баалоолор боюнча 602,8 млрд сомду түздү. Бул 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 12,4%га жогору. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык жыйында билдирди.
Минкаб башчысынын айтымында, экономика тармактары төмөнкүдөй өсүү көрсөткүчтөрүн көрсөткөн:
- Курулуш сектору — 72,8%;
- Өнөр жай — 14,7%;
- Тейлөө чөйрөсү — 7,2%;
- Айыл чарбасы — 3%.
Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 128,6 млрд сомду түзүп, 69,7%га өскөн. Касымалиев белгилегендей, инвестициянын көбөйүшү ички каржылоо булактарынын 1,6 эсеге жана тышкы булактардын 2,4 эсеге артышы менен камсыздалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика