Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Казакстанда кыргызстандык аялдан 35,1 млн сомдук алтын алынды — чоо-жайы
11.10.2026 | 10:15

Казакстанда Кыргызстандын жаранынан жалпы салмагы 2,8 килограммды түзгөн алты алтын куймасы конфискацияланды. Ал бул алтындарды Кытайга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Казакстандын Башкы транспорттук прокуратурасы билдирди.
Ведомствонун маалыматы боюнча, аял алтынды «Кордай Авто» өткөрүү пункту жана «Хоргос» эл аралык чек ара кызматташтык борбору аркылуу алып өтүүгө аракет кылган.
Куймаларды бажы көзөмөлүнөн жашыруу үчүн ал бут кийиминин таманынын алдына (стелькасынын алдына) — ар бир бут кийимине үчтөн катып алган. Куймалардагы алтындын курамы 99%дан ашкан. Алардын жалпы баасы 182,3 миллион теңгени (болжол менен 35,1 миллион сом же 401,6 миң доллар) түздү.
Казакстандагы соттун чечими менен алтын куймалары сотко чейинки тартипте конфискацияланып, мамлекеттин кирешесине өткөрүлдү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом