Султанбаев депутаттарга: Сын-пикир айтаарда этият болуңуздар

Султанбаев депутаттарга: Сын-пикир айтаарда этият болуңуздар

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбук баракчасы аркылуу депутаттарга кайрылып, билдирүүдө этият болууну суранды.

Ал кошуна мамлекеттерди сындап, эл аралык мамилелер маселесинде этият болууну суранды.

«Урматтуу депутаттар!

Коңшу мамлекеттерге жана эл аралык мамилелер боюнча сын-пикир айтаарда этият болсонуздар, сураныч!

Депутат — бул саясий кызмат. Ар бир айткан сөзүңүздөргө эл аралык майданда маани берилет жана ага карата реакция да болушу мүмкүн.

Кудайга шүгүр, бүгүнкү күндө бардык мамлекеттер, анын ичинде коңшулар менен дагы жакшынакай кызматташып келүүдөбүз. Албетте, айрым жагдайлар бар, бирок негизинен жаман эмес. Бардык көйгөйлөрдү эки тараптуу кызыкчылыктарды эске алып, сүйлөшүү жолу менен чечип жатабыз», — деп жазган.

Эскерте кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Казакстанга суу берүүнү токтотуу керектиги айтылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>