Билим берүү тармагын ваучердик каржылоого өткөрүү сунушу экинчи окууда жактырылды

Билим берүү тармагын ваучердик каржылоого өткөрүү сунушу экинчи окууда жактырылды

Бүгүн, 22-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Билим берүү жөнүндө” мыйзамдын бириктирилген долбоору экинчи окууда каралды.

Демилгечилер Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары.

Жыйында Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева баяндама жасап, концептуалдык жактан окшош мыйзам долбоорлорун депутаттар да, Министрлер кабинети да бир учурда демилгелегендиктен, бириктирилгендигин айтты.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда билим берүүнү каржылоодо жогорку окуу жайларга жана мектептерге этап-этабы менен ваучердик системаны киргизүү, жеке бала бакчаларды ачууда лицензия берүү жагдайын жокко чыгаруу демилгеленген.

Талкуу маалында депутат Таалайбек Масабиров аракечтиктин, тамеки тартуунун жана баңгиликтин алдын алуу, сергек жашоо образын калыптандыруу боюнча тарбия иштерин, өзгөчө мектеп окуучуларынын жана студент жаштардын арасында пропагандалоо жүргүзүүгө чакырды.

Ал эми депутаттар Надира Нарматова, Айбек Осмонов ваучердик системанын өзгөчөлүктөрүн такташты. Буга демилгечилердин бири депутат Жанарбек Акаев ваучер – бул окуучунун артынан ээрчиген акча, башкача айтканда, жан башына каржылоо шарттарын киргизүү деп маалымдады.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>