Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Бир айда өспүрүмдөр тарабынан 79 кылмыш жасалды
11.03.2024 | 09:37
2024-жылдын январында жашы жете электер тарабынан 79 кылмыш иши жасалган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети маалымдайт.
Өспүрүмдөр аралашкан кылмыштардын эң көп саны уурулукка туура келет (58,2 пайыз), тоноочулук – 20,3 пайызды, ээнбаштык – 5,1 пайызды жана алдамчылык 1,3 пайызды түздү.
Бир айда 122 жашы жете электер жабыркаган. Балдардын көбүнчө тоноп, карактап кетишет.
Улуттук статкомдун маалыматында, январь айында 13 бала бала зордукталып, алтоо сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге дуушар болгон.
Кылмыштуу аракеттердин натыйжасында эки бала каза болгон, ал эми 23 бала денесинен жаракат алышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Криминал