Рахмон: Үч жылда 24 тажикстандык 10 өлкөдө теракт жасаган

Рахмон: Үч жылда 24 тажикстандык 10 өлкөдө теракт жасаган

Акыркы үч жылдын ичинде Тажикстандын 24 жараны дүйнөнүн 10 өлкөсүндө террордук актыларды жасады. Бул тууралуу тажик президенти Эмомали Рахмон Орозо айынын алдында дин ишмерлери, окумуштуулар жана коомчулуктун өкүлдөрү менен жолукканда билдирди.

«Мындай аракеттер кээ бир тажик жаштарынын билимсиздигинен жана тажрыйбасыздыгынан пайдаланган айрым өлкөлөрдөгү кызыкдар топтор менен атайын кызматтар тарабынан иштелип чыгууда», – деди президент.

Өлкөдөгү дин тутуу эркиндигине токтолгон Рахмон Тажикстанда бир исмаилит борбору, исмаилит борборлорун өнүктүрүү боюнча эки комитет жана исламдан башка дагы 67 диний уюм ишмердүүлүктөрүн «эркин» жүргүзүп жатканын билдирди.

«Тажик өкмөтүнүн дин жаатындагы 32 жылдык ишине жасалган анализге ылайык, биздин демократиялык жана светтик мамлекетибиз дин тутуу эркиндигин камсыз кылуу үчүн туруктуу кадамдарды жасап, өзүнүн тарыхый миссиясын жетиштүү деңгээлде аткарып жатат. Өлкөдө ар бир 1800-2000 жаранга бир мечит туура келсе, КМШга мүчө мамлекеттерде бул көрсөткүч 3000-3500 кишини түзөт», – деди Рахмон.

Акыркы жылдары Тажикстандын бийлиги өлкөдөгү мечиттерди жаап, диний билим алууга жаан өспүрүмдөрдүн мечитке баруусуна тыюу салуу өңдүү аракеттери менен жарандардын дин тутуу эркиндигин чектеп жатканы үчүн эл аралык уюмдардын сынына кабылып келет.

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюмунун 2024-жылдын башында жарыяланган баяндамасында былтыр Тажикстанда исмаилиттерге (Тоолуу Бадахшан автоном облусунда басымдуулук кылган исламдын шийит агымындагы багыт) намаз окуу үчүн жеке үйлөргө чогулууга, ошондой эле исмаилит борборлорунун 18 жашка чыга элек өспүрүмдөргө диний билим берүүсүнө тыюу салынганы жазылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Тажикстан

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>