Инновациялык борбор Технологияларды трансферттөө жана инновациялар борбору болуп өзгөртүлдүКазакстанда эт 1400 сомго, Өзбекстанда 1200 сомго чейин сатылууда — министрБишкекте өнүгүүсүндө өзгөчөлүктөрү бар балдардын адаптивдүү спорт борбору ачылды«Ош» аэропортунун жаңы терминалы 2026-жылдын аягына чейин курулуп бүтүшү керекКыргыз мамлекеттик куурчак театры ноябрь айындагы репертуарын жарыяладыЧүй облусундагы 30 мектепке экологиялык таза жылытуу системалары орнотулат
Бир катар диний ишмерлер мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты
21.05.2026 | 10:05

Өлкө башчы Садыр Жапаров бир катар диний ишмерлерди мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы бүгүн, 21-майда, билдирди.
Маалыматка ылайык, сыйлыктар өлкөнүн руханий потенциалын өнүктүрүүгө жана диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга кошкон салымы үчүн, ошондой эле Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин 30 жылдыгына карата берилген.
«Даңк» ордени менен сыйлангандар:
- Абдулазиз Закиров — Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи;
- Замир Ракиев — Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин төрагасы.
«Ардак» медалы менен сыйлангандар:
- Ырысбай Ахунбаев — «Көлмө медресе» окуу жайынын директору;
- Марс Ибраев — Аалымдар кеңешинин мүчөсү;
- Жээнбек Таштанов — Жусуп Баласагын атындагы Ислам диний уюмунун негиздөөчүсү;
- Сражидин Туяков — «Абдуллах ибну Масъуд» медресесинин мугалими.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом