23-майдан тарта жол эрежесин бузуу боюнча токтомдор «Түндүк» аркылуу жөнөтүлөт

21.05.2026 | 09:30
«Түндүк» мекемесинин логотиби

Үстүбүздөгү жылдын 23-майынан тарта жол кыймылынын эрежелерин бузууга байланыштуу токтомдор электрондук форматта жеткириле баштайт. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Аппараттык-программалык комплекстер тарабынан катталган эреже бузуулар боюнча токтомдор «Түндүк» мобилдик тиркемесинде жана мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталында жеткиликтүү болот. Ошону менен бирге кагаз түрүндө жөнөтүү тартиби да сакталат.

«Түндүк» тиркемеси аркылуу документти ачкан учурда система анын окулган күнүн жана убактысын автоматтык түрдө каттайт. Колдонуучу «Тааныштым» же «Таанышкан жокмун» деген баскычтардын бирин басууга тийиш. Бул аракет юридикалык күчкө ээ жана токтом менен таанышкандыктын расмий далили катары кабыл алынат.

Эгерде жаран 30 календардык күндүн ичинде токтом менен электрондук форматта таанышпаса, документ почта аркылуу жөнөтүлөт.

Мындан тышкары, «Түндүк» тиркемеси аркылуу айып пулдарды онлайн төлөөгө болот. Мыйзамда белгиленген мөөнөттө төлөнгөн учурда жеңилдиктер автоматтык түрдө колдонулат.

Scroll to Top