АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Бир катар жеке агенттиктерге жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу укугу берилди — тизме
14.08.2026 | 14:06

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бир катар жеке менчик агенттиктерге кыргызстандык жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу укугун берди.
Министрликке караштуу мекемелер аралык комиссия агенттиктердин ишмердүүлүгүн карап, жыйынтыгында төмөнкү компанияларга бир жылдык мөөнөткө иштөөгө уруксат берген:
- «НаРзиЗ Тур» жана «Шарт Кей Джи» (Германия);
- «Марсель-Е Компани» (Түркия);
- «Гринвей Груп» (Германия);
- «АПГРЕЙД СТАФФ» (Орусия);
- «Ворлд трэвел энд ворк» (Беларусь);
- «Албан Лидер» (Латвия) — шарттуу түрдө узартылды.
Ошол эле учурда «СУЛТАН ТРАВЕЛ» (Польша) жана «Глобус Кей Джи Плюс» (Орусия) компаниялары боюнча маселелерди кароо кийинкиге жылдырылган.
Министрлик жарандарды чет өлкөлөргө иштөөгө баруу үчүн расмий уруксаты бар агенттиктерге гана кайрылууга чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом