АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Ошто унаа алдамчылыгына шектелген жаран кармалды
14.08.2026 | 13:46

Ош шаарында жарандан унаа сатып алып, акчасын толук бербей, качып кеткен деп шектелип эркек киши кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын февралында милицияга жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2025-жылдын 25-июлунда А.А. аттуу жаран андан «SsangYong Tivoli» үлгүсүндөгү автоунааны 15 миң долларга сатып алып, анын 5 миң долларын гана төлөнгөн, ал эми калган 10 миң долларды бербей, качып жүргөн. Арыздануучу ага карата чара көрүүнү өтүнгөн.
Ош ШИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында шектүү А.А. кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар