Дастан Бекешев: Саламаттык сактоого акча бар, бирок дары-дармек жетишсизБишкек–Балыкчы жүргүнчү поезди 26–27-сентябрда кошумча каттамга чыгатГазада урандылардын астынан жүздөгөн сөөк табылды — БУУ соккуларды иликтөөгө чакырдыКыргызстанда жеке медициналык ЖОЖдор билим берүү франшизасына өткөрүлүшү мүмкүнКыргызстандык окуучу Балкан олимпиадасында коло медаль утуп алдыКара-Сууда заводдон чыккан чаң айылды каптап жатат. Тургундар маселени чечип берүүнү суранышууда
Бир нече адамды 2,5 млн сомго алдап кеткен деп 47 жаштагы жаран кармалды
11.02.2025 | 14:20
Ош облусунун Кара-Суу районунда алдамчылык үчүн издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.
Министрлик билдиргендей, кармалган киши Б.У. 47 жашта. Ал мурда бир нече жолу сотолгон, ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсу катары каттоодо турат.
Алдын ала маалымат боюнча, шектүү буга чейин бир нече жарандын мүлкүн жана акчаларын алдоо жолу менен ээлеп алган. Жарандарга 2,5 млн сом зыян келтирилген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен бир нече кылмыш иш козголуп, өзү издөөгө алынган.
Ал Кара-Сууда кармалгандан кийин Ош шаардык милициясына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
ИИМден белгилешкендей, шектүүнүн дагы башка алдамчылык иштерине катыштыгы болушу мүмкүн.
Учурда тергөө иштери уланууда.