Жалал-Абаддагы Чанач-Сай суу сактагычы кеңейтилүүдөКыргызстанда шайлоого катышуу эмгек стажына кошулушу мүмкүнШавкат Мирзиёев Өзбекстанда экинчи АЭСтин курулушун жарыяладыVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата илимий макалалар жыйнагы басылып чыгатЧүй облусунда «ГЛАСС ЦЕНТР» айнек заводу ишке киргизилет«Бишкекгаз» 2–3 күнгө Бишкектин эки районунда газды өчүрөт
Бир суткада 425 адамдан коронавирус табылып, 517 адам илдеттен сакайды
08.08.2020 | 12:34
Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстан боюнча 425 адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 8-августта өткөн брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында эң көп учур Бишкек шаарында.
“Бишкек – 124, Ош – 31, Чүй облусу – 36, Ош облусу – 47, Талас облусу – 7, Нарын облусу – 16, Ысык-Көл облусу – 41, Жалал-Абад облусу – 78, Баткен облусу – 45 адамдан илдет табылды”, — деди Акматова.
18-марттан 7-августка чейин өлкөдө жалпы 39 587 адам коронавирус жуктуруп алган.
Ошондой эле бир суткада 517 кыргызстандык илдеттен сакайган, муну менен айыккандардын жалпы саны 31 281ге жетти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом