Бишкекте Ленинград блокадасынын башталганынын 85 жылдыгына арналган эскерүү акциясы өтөт

Бишкекте 8-сентябрда Ленинград блокадасынын башталганынын 85 жылдыгына карата «Бизди чогуу Ленинград деп аташат!» аттуу эскерүү акциясы өтөт. Бул тууралуу Кыргыз-Орус Славян университетинен (КОСУ) билдиришти.
Иш-чараны Бишкек мэриясынын Маданият башкармалыгынын Музейлердин бириккен дирекциясы жана КОСУ уюштурууда. Иш-чара Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиев атындагы көргөзмө залы-галереясында өтөт.
Эскерте кетсек, Ленинград блокадасы 1941-жылдын 8-сентябрында башталып, 1944-жылдын 27-январына чейин — 872 күнгө созулган. Кыргызстандын тургундары Ленинградды коргоого катышып, эвакуацияланган тургундарга жана балдарга жардам берип, азык-түлүк жана башка зарыл болгон жардамдарды жөнөтүп турушкан.
Ленинград менен Кыргыз ССРинин байланыш тарыхы акциянын негизги темаларынын бири болот.
Программада КОСУнун чыгармачыл жамааттарынын концерти орун алган. Улуу Ата Мекендик согушка арналган ырлар жана көркөм окуулар жаңырат. Ошондой эле «Таттуу нан» ырынын бет ачары болот.
Иш-чаранын алкагында Ленинград жана Кыргыз ССРинин кызматташтыгынын аз белгилүү барактарына арналган «Бизди чогуу Ленинград деп аташат!» аттуу тарыхый-даректүү көргөзмө ачылат.
Экспозиция алгачкы советтик беш жылдыктардын жылдарында эле калыптанып, Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде өзгөчө мааниге ээ болгон байланыштар тууралуу баяндайт.
Көргөзмөнүн автору — КОСУнун Тарыхый-маданий мурас борборунун директору Леонид Сумароков. Экспозициянын негизин анын ушундай эле аталыштагы «Бизди чогуу Ленинград деп аташат!» аттуу тарыхый-даректүү очеркинин материалдары түздү. Анын бет ачары КОСУда 2025-жылдын 8-сентябрында өткөн.
Китеп архивдик материалдарга негизделген жана Ленинград менен Кыргыз ССРинин кызматташтыгы, кыргызстандыктар менен ленинграддыктардын тынчтык жана согуш мезгилиндеги өз ара жардамы тууралуу баяндайт. 1941–1944-жылдардагы блокада мезгилине жана курчоодо калган шаарды колдоонун мурда аз белгилүү болгон далилдерине өзгөчө көңүл бурулган.
Акция 8-сентябрда саат 18:00дө Бишкек шаары, Көк-Сай көчөсү, 39а дарегиндеги Чолпонбай Түлөбердиев атындагы көргөзмө залы-галереясында башталат. Кирүү акысыз.