Досун таш менен уруп, муунткан. Соцтармактагы видеонун чоо-жайы

Досун таш менен уруп, муунткан. Соцтармактагы видеонун чоо-жайы

Бишкекте бир жаран жаш жигитти таш менен уруп, муунтуп жатканы тартылган видеодогу окуянын чоо-жай белгилүү болду.

Reporter.kg’ге өздүк булактар билдиргендей, видеодогу таш менен уруп, муунтуп жаткан адам менен жабыркаган адам тааныш, дос болушат. Алардын ортосунда пикир келишпестик болуп, чыр чыккан. Учурда экөө элдешип алгандыктан, жабыркаган адам милицияга арыз жазган эмес. Окуя учурунда ал оор жаракат алган эмес.

Октябрь райондук милициясы Reporter.kg’ге жабырланучу арыз жазуудан баш тартканын ырастады. Белгилүү болгондой, иликтөө учурунда 29 жаштагы С.Э. аттуу жаран эч кимге дооматы жок экенин айтып, арыз жазуудан баш тарткан.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарга бир жаран жаш жигитти таш менен уруп, муунтуп жатканы тартылган видео тараган. Окуя 7-июлда болжол менен саат 14:00до Бишкектин Ахунбаев менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Окуядан кийин милиция териштирүү иштерин баштаган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>