Көп тармактуу мобилдик клиника Аксы элине акысыз кызмат көрсөтөт

Көп тармактуу мобилдик клиника Аксы элине акысыз кызмат көрсөтөт

Мобилдик мульти-диагностикалык комплекс Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургундарын акысыз медициналык кароодон өткөрөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-июлда министрдин орун басары Тилек Мамадалиев комплекстин жашоочуларды кабыл алууга жана текшерүүгө даярдыгы менен таанышты.

Диагностикалык комплекс райондун жашоочулары үчүн акысыз медициналык текшерүүлөрдү, дарылоо жана консультацияларды, ошондой эле жеткиликтүү форматта диагностикалык кызматтарды көрсөтөт.

Мобилдик комплекс медициналык изилдөөлөрдүн көптөгөн түрүн жүргүзүүгө жана ар кандай ооруларды диагностикалоого мүмкүндүк берүүчү заманбап жабдуулар менен жабдылган. Анын иши медицинага жетүүдө көйгөйлөргө туш болгондорго сапаттуу жана өз убагында медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган.

«Көптөгөн адамдар үчүн бул аймактан чыкпай туруп эле адистер менен өз маселелерин карап чыгуу жана талкуулоо үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк», — деп баса белгиледи Тилек Мамадалиев.

Эске салсак,  долбоор 5 жылга эсептелген жана ИӨБ мобилдик клиниканын ишин тиешелүү дары-дармектер, жабдуулар жана күйүүчү май менен камсыздап, дарыгерлердин айлык акысын каржылайт. Мобилдик клиника дарыгерлер үчүн бөлмөлөр, анализ жүргүзүү лаборатория, компьютердик томография жана маммография, операциялык блок, рентген аппараты, гастроскоп, көчмө скрининг борбору жана башкаруу борборунан турат.

Ошондой эле мобилдик клиниканын курамында калкты ташыган кичи автобустар, анын ичинде С классындагы тез жардам унаасы да каралган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>