Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
Бир жумада өлкөдө 28 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталган
10.08.2026 | 13:38

31-июлдан 6-августка чейин өлкө аймагында 28 миң 753 жол эрежесин бузуу фактылары катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) билдирди.
Маалыматка ылайык, төмөнкүдөй эреже бузуулар аныкталган:
- тиешелүү документтери жок унаа башкаруу — 4 502;
- транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 4 582;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу — 1 567;
- жөө жүргүнчүлөр тарабынан жол эрежелерин бузуу — 841;
- мас абалында транспорт каражатын башкаруу — 415;
- унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 207;
- автоээнбаштык — 33;
- жасалма мамлекеттик номер менен унаа башкаруу — 8;
- башка эреже бузуулар — 13 357.
Ошондой эле 3 миң 241 унаа айып токтотуучу жайына киргизилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: жол эрежеси