Тоо, көл жана ноутбук: Ысык-Көлдө иштеп да, эс алып да келүүгө да ыңгайлуу 6 жер

Акыркы жылдары Ысык-Көлгө жайында гана барып, көлгө түшүп эс алуу менен чектелбей калдык. Азыр ал жакта эс алып менен бирге иштөөгө да ыңгайлуу жайлар көбөйдү. Күндүз ноутбук менен иштеп, бош убакта көлгө түшүп, тоого чыгып же кызыктуу жерлерди кыдырса болот. Reporter.kg аралыктан иштегендер, онлайн жыйындарга катышкандар жана жумушун эс алуу менен айкалыштыргысы келгендер үчүн Ысык-Көлдөгү эң ыңгайлуу 6 жайды сунуштайт.
Эскертүү: мейманканалардын баасы мезгилге жана көлдө өтүп жаткан иш-чараларга жараша өзгөрүшү мүмкүн. Баалар 2026-жылдын август–сентябрь айларына карата ачык булактардан алынган. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда баалар кымбатташы мүмкүн.
Коворкинг-резорт ololoAkJol
Кош-Көл айылындагы бул эс алуу жайы аралыктан иштегендер арасында белгилүү. Аймагы чоң, бөлмөлөрдүн бир нече түрү бар. Жалгыз келгендерге да, топ болуп келгендерге да ылайыктуу.


Иштөө үчүн атайын коворкинг жайы, жыйын өткөрүүгө залдар бар. Бош убакта лекцияларга, мастер-класстарга, спорттук жана башка иш-чараларга катышса болот. Эс алууну паркта, өздүк пляжы жана пирси бар көл жээгинде же радон булактарында өткөрө аласыз.
Баасы: бөлмө — 10 500 сомдон, хостел — 1 500 сомдон.
Узак убакытка калгандарга өзүнчө баа сунушталат.
Silence Hotel
Чолпон-Атадагы көлдүн жээгине жакын жайгашкан тынч мейманкана. Өзүнчө иштөөчү бөлмөсү жок, бирок интернети ылдам. Бөлмөлөрдөн көлгө жана пляжга кооз көрүнүш ачылат.

Велосипед ижарага алып, теннис ойносо болот. Чолпон-Атаны кыдырып же жакынкы жерлерге экскурсияга барууга мүмкүнчүлүк бар.
Баасы: эртең мененки тамак менен 8 700 сомдон.
Madanur
Караколдун борборунда жайгашкан мейманкана. Бул жерде иштөөгө ыңгайлуу орундар жана ылдам интернет бар. Онлайн жыйын же сүйлөшүү өткөрүү үчүн өзүнчө тынч бөлмөлөрдү алдын ала ээлеп койсо болот.

Эс алуу үчүн терраса, йога залы, массаж жана сауна кызматтары бар.
Баасы: эртең мененки тамак менен 4 500 сомдон.
Tong Marina
Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Тоң айылында жайгашкан. Көлгө жакын, тынч жана заманбап жай. Бөлмөлөрүндө ашкана жана балкон бар, кааласаңыз ошол жерден эле иштей аласыз.

Интернети туруктуу. Өзүнүн пляжы, пирси, бассейни, саунасы жана эс алуу үчүн башка шарттары бар.
Баасы: эртең мененки тамак менен 10 500 сомдон.
Nomad Camp
Кажы-Сайдагы алты кабаттуу заманбап мейманкана. Бул жерден көл да, тоо да көрүнөт. Иштөө үчүн атайын жайы бар. Жыл бою жыйындар, конференциялар жана ар кандай иш-чаралар өткөрүлөт.

Бош убакта компьютердик оюндарды, PlayStation ойносо, жеке пляжга же экскурсияга барса болот.
Баасы: эртең мененки тамак менен 10 000 сомдон.
«Элестет»
Тоң айылындагы бул жайда кыргыздын көчмөн турмушу заманбап шарттар менен айкалышкан. Коноктор боз үйдө жашашат. Жалгыз келгендерге да, жубайларга да, достор менен баргандарга да ылайыктуу.

Боз үйлөрдөн Ысык-Көлдүн кооз көрүнүшү ачылат. Кааласаңыз бүркүтчүлөрдүн өнөрүн көрүп, кыргыздын ыр-күүлөрүн угуп, ат менен сейилдеп же жылдыздуу асман алдында от жагып эс алсаңыз болот.
Баасы: эртең мененки тамак менен 10 000 сомдон.
Елена Короткова