Садыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды

11.10.2026 | 14:46
Садыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ошондой эле мындан аркы өнүктүрүү пландары менен таанышты. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматы билдирет.

Садыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды — иллюстрация
Маалыматка ылайык, район акими Асылбек Жеңишбек аталган мезгил аралыгында өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн сомдон 864,6 млн сомго чейин өскөнүн билдирди. 2026-жылдын аягына чейин бул көрсөткүчтү 1,05 млрд сомго жеткирүү мерчемделүүдө.

Акыркы беш жылда райондо 143 ишкана ачылып, 2 миң 124 жумуш орду түзүлгөн. 2026-жылы эле 36 жаңы ишкана, анын ичинде «Мега Газоблок КейдЖи» автоклавдык газоблокторун чыгаруучу заводу ишке кирген.

Садыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды — контекст события

Тартылган инвестициянын көлөмү 1,2 млрд сомду түздү.

Мындан тышкары, республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин, фонддордун жана ишкерлердин эсебинен 356 объект курулуп, пайдаланууга берилди.

2021–2026-жылдар аралыгында райондо 136,5 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Анын ичинен 77,5 чакырымы — мамлекеттик маанидеги, ал эми 59 чакырымы — ички жолдор.

Калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу багытындагы иштер уланууда. Тиешелүү долбоорлор бир шаарда жана 13 айыл аймагында ишке ашырылып жатат. Алардын жалпы баасы 999,7 млн сомду түзөт.

Садыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды — фото 4

Ошондой эле Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров 2021–2026-жылдары шаарды өнүктүрүүгө жергиликтүү бюджеттен 358 млн сом багытталганын билдирди. Бул мезгилде 192 иш-чара өткөрүлүп, 19 курулуш долбоору ишке ашырылган.

Атап айтканда, Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйлөрдү капиталдык оңдоодон өткөрүү аяктады. Турак жай имараттары пайдаланууга берилди.

Садыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды — фото 5

Ошондой эле шаарда эки мектептин курулушу уланууда:

• И. Бектемиров атындагы № 8 мектеп (250 орундуу) — инвесторлордун эсебинен;
• Н. Кушматов атындагы № 9 мектеп (384 орундуу).

Президентке ошондой эле ишке ашыруу үчүн кошумча колдоо талап кылынган долбоорлор да сунушталды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Садыр Жапаров пландалган иштерди өз убагында бүтүрүү зарылдыгын баса белгилеп, Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын экономикалык потенциалын чыңдоого өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Scroll to Top