Бир жумага карата аба ырайы тууралуу маалымат

Бир жумага карата аба ырайы тууралуу маалымат

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызгидромет борборуна таянып жакынкы күндөргө карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, 2-январдан 8-январга чейин Кыргызстандын айрым аймактарында күн ачык болсо, айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.

2-январда жана 3-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

3-январда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

4-январда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

5-январда түнкүсүн кээ бир тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 5-январда  күндүз жана 6-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

6-январда күндүз Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак, тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

7-8-январларда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>