Бишкекте LOTTE HOTEL бренди менен мейманкана комплекси курулатЖалал-Абадда мыйзамсыз аңчылык кылган үч жаранга айып пул салындыБишкек ШИИББнин башчысынын мурдагы орун басары УКМКнын ТИЗОсуна киргизилди — чоо-жайыКыргызстанда кымыз өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген насыя берүү каралууда«Чалдыбар» өткөрмө бекети 2027-жылдын аягына чейин жабылатКыргызстанда халал продукцияны QR-код жана сертификат менен сатуу сунушталууда
Кыргызстандыктарга мүлк салыгын төлөөгө эки күн калды
30.08.2026 | 12:09

Кыргызстандыктарга мүлк салыгын өз убагында төлөө үчүн эки күн — 30 жана 31-август калды. Акыркы мөөнөт — 1-сентябрь. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы эскертет.
Бул мөөнөткө чейин ишкердик жүргүзүү үчүн пайдаланылбаган турак үйлөр жана батирлер үчүн мүлк салыгын төлөө керек.
Ошондой эле үй жанындагы, короо-жай жана бакча-чарбак жер тилкелери үчүн салык төлөнүшү керек.
Салыктын суммасын Салык төлөөчүнүн кабинетинен билүүгө болот. Ошол жерден төлөм кодун же QR-кодду түзүп, салыкты төлөөгө да мүмкүн.
Мөөнөтүн өткөрүп жиберген учурда карыздын суммасына ар бир кечиктирилген күн үчүн 0,09% өлчөмүндө туум эсептелет.