Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн көбү «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун ала алат

1-сентябрдан тарта Кыргызстанда 16 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөргө «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун дайындоо эрежелери өзгөрөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Негизги өзгөрүү үй-бүлөнүн кирешесине байланыштуу. Учурда жөлөк пул алуу укугу бир адамга эсептелген кепилденген минималдуу кирешенин 1 миң сом өлчөмүнүн негизинде аныкталат. 1-сентябрдан тарта бул сумма 1,5 миң сомго чейин жогорулатылат. Бул мурдагыга караганда кирешеси бир аз жогору болгон үй-бүлөлөр да мамлекеттин жардамына талапкер боло алат дегенди билдирет.
Автоунаага байланыштуу талаптар да өзгөрөт. Учурда чыгарылганына 20 жыл боло элек автоунаанын болушу жөлөк пул дайындоодон баш тартууга себеп болушу мүмкүн. Сентябрдан тарта бул мөөнөт 15 жылга чейин кыскартылат. Башкача айтканда, үй-бүлөнүн автоунаасы чыгарылганына 15 жылдан ашкан болсо, ал «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулуна талапкер боло алат.
Дагы бир чектөө киргизилет. Эки же андан көп батири же башка турак жайы бар үй-бүлөлөргө жөлөк пул берилбейт. Министрлер кабинетинен муну экинчи турак жайды ижарага берип, кошумча киреше табууга мүмкүн экендиги менен түшүндүрүштү.
Ошондой эле жер үлүштөрүнөн жана үй жанындагы жер тилкелеринен түшкөн деп эсептелген кирешенин өлчөмү кайра каралат. Эсептөөдө айыл аймактарынын жаңы чек аралары, ошондой эле айыл чарба продукциясынын реалдуу баалары жана аны өндүрүүгө кеткен чыгымдар эске алынат.
Жаңы эрежелер 2026-жылдын 1-сентябрынан тарта күчүнө кирет.