Бир жыныстуу никени колдоп жатат. Депутат Байсаловдун ишин сындады

Бир жыныстуу никени колдоп жатат. Депутат Байсаловдун ишин сындады

Биздин негизги идеологиябыз кандай багытта кетиши керек? Мындай суроону бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун жыйынында депутат Шайлообек Атазов министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго узатты.

Министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстандагы башкы идеологияга Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жооп берерин айтып, бул маселелер боюнча аны парламентке чакырууга даяр экенин айтты.

Атазов ошондой эле, өкмөттүн кадр саясаты боюнча маселе көтөрүп, вице-премьер-министр Эдиль Байсаловдун ишин сынга алды.

“Элдин жүгүн көтөрө турган кадрларды койсоңор жакшы болот эле. Глабалдык фонддон 29 млн доллар келсе, кыз менен кызды үйлөндүрүү саясатына вице-премьер-министр макулдук берип жатат. Эдиль Байсалов мырза кыргыз улутунун идеологиясына каршы иш жүргүзүп жатат. Качан кыргызда кыз менен кыз үйлөнчү эле? Эмне үчүн муну токтотпойт?”, — деп сурады Шайлообек Атазов.

Акылбек Жапаров жакынкы арада үй-бүлөлүк кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү пландалып жаткандыгын айтты.

“Буга чейин адам баласынын укугу деп баарын кабыл ала берген экенбиз. Эми мындан ары ирээтке келтиребиз. Үй-бүлө деген аял менен эркектин ортосундагы союз деген түшүнүктү бекитебиз”, — деп жооп берди министрлер кабинетинин төрагасы.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>