«Жыгылдым деп айтасын». Баткенде тургун аялынын колун сындырган

«Жыгылдым деп айтасын». Баткенде тургун аялынын колун сындырган

Баткенде аялынын колун сындырган жарандын иши жабылды. Бул тууралуу 27-апрелде Жогорку соттун сайтында айтылат.

Маалым болгондой, иш Баткен райондук сотунда 20-апрелде каралган.

Соттун токтомунда айтылгандай, Асан (аттар өзгөртүлдү) Жийде менен 2020-жылдын аягында турмуш куруп, чогуу жашай баштагандан кийин кол көтөрүп жүргөн. 2021-жылдын май айында өз ара пикир келишпестиктен улам Асан Жийденин колун кайрып, сындырып салган. Андан кийин Жийдени «жыгылып түштүм деп айтасын» деп коркуткан. Асан Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренесинин 1-бөлүгү (Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү) боюнча айыпталган.

Соттук отурумда айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алып, жабырлануучу менен элдешип, жарашуу тууралуу макулдашуу түзгөнүн билдирип, кечирим сурап, соттон ишти кыскартууну суранган.

Жийде өтүнүчкө макул болуп, Асан менен жарашуу тууралуу макулдашуу түзгөнүн, ага эч кандай доосу жок экенин айтып, ишти жабууну өтүнгөн.

Мамлекеттик айыптоочу тараптар жарашкандыктан кылмыш ишин жабууга каршылыгы жок экенин билдирген.

Сот тараптарды угуп, айыпталуучу менен жабырлануучу элдешкенине байланыштуу ишти жапкан.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Баткен сот

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>