«Бири-бирине таяныч болуу»: Си Цзиньпин Кыргызстан менен болгон мамилелер тууралуу

Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга боло турган иш сапарынын алдында эки өлкөнүн мамилелерине жана аларды мындан ары өнүктүрүү келечегине арналган автордук макаласын жарыялады. Материал Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин сайтына жайгаштырылган.
Макалада кытай лидери Кыргызстанды «кереметтүү жер» деп атап, иш сапардын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров менен биргеликте эки тараптуу кызматташуунун жаңы багыттарын аныктайт деген ишенимин билдирген.
«Республиканын президенти Садыр Жапаров менен биргеликте мамилелерди өнүктүрүүнүн жаңы ири планын белгилөөнү жана ШКУнун бирдиктүү тагдыр коомчулугун курууну жаңы деңгээлге чыгаруу мүмкүнчүлүгүн күтөм», — деп жазган Си Цзиньпин.
КЭР Төрагасы ошондой эле Кыргызстандагы ички саясий жана экономикалык кырдаалга көңүл бурган. Анын айтымында, республикада «саясий туруктуулук, экономикадагы өнүгүү, жарандык коомдогу ынтымак» байкалууда.
Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын майрамдоого байланыштуу Си Цзиньпин «дос кыргыз элине чын жүрөктөн куттуктоолорун жана эң жакшы каалоолорун» жолдоду.
Соода жана инвестициялар
Макаланын олуттуу бөлүгү соода-экономикалык мамилелерге арналган. Си Цзиньпин акыркы жылдары эки мамлекеттин кызматташтыгы эл аралык кырдаалдын өзгөрүшү менен болгон сыноолорго туруштук берип, жаңы деңгээлге чыкканын билдирди.
«Дүйнөлүк экономиканын өсүшүнүн солгундугуна карабастан, соода-экономикалык кызматташтык өнүгүүнүн ишенимдүү динамикасын көрсөтүүдө. Кытай көп жылдар катары менен Кыргызстандын эң ири соода өнөктөшү жана чет элдик инвестору болуп калууда», — деп белгиледи ал.
КЭР башчысы эки өлкө алмашып жаткан товарлардын мисалдарын келтирген. Кыргызстанга кытай смартфондору жана электромобилдери жеткирилсе, ал эми Кытай рыногуна Кыргызстандын айыл чарба продукциясы экспорттолууда.
Си Цзиньпин ошондой эле өлкөлөр ортосундагы түз авиакаттамдардын саны көбөйгөнүн жана көп деңгээлдүү мультимодалдык транспорттук тармактын калыптанып жатканын белгиледи.
«Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолу
Экономикалык кызматташтыкта «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолу өзгөчө орунду ээлейт.
Си Цзиньпин бул долбоорду эки өлкөнүн практикалык алакасынын мисалдарынын катарына кошту. Жаңы магистраль Кытайды Кыргызстандын аймагы аркылуу Борбор Азия менен байланыштырган кошумча транспорттук каттам болушу керек.
Кытай лидери соода жана инвестициялар менен катар транспорттук байланышты өнүктүрүүнү кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө зарыл болгон багыттардын бири деп атады.
Энергетика, санариптик экономика жана жасалма интеллект
Салттуу кызматташуу багыттарынан тышкары, Пекин Бишкекке жаңы тармактарда активдүүрөөк кызматташууну сунуштоодо.
«Соода, инвестициялар, инфраструктуралык байланыш, жашыл минералдар сыяктуу салттуу тармактарда кызматташтыкты бекемдөө, санариптик экономикада, таза энергетикада, жасалма интеллектте кооперацияны кеңейтүү зарыл», — деп айтылат макалада.
Ошентип, инфраструктуралык жана соода долбоорлору менен катар, кыргыз-кытай кызматташтыгынын келечектүү багыттарынын катарына заманбап технологиялар, энергетика жана санариптештирүү кирди.
Си Цзиньпин Кытай Кыргызстанга социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө колдоо көрсөтүүнү улантууга ниеттенип жатканын баса белгиледи.
«Кытай мындан ары да өз мүмкүнчүлүгүнө жараша Кыргызстанга экономикасын өнүктүрүүгө жана калктын бакубаттуулугун жакшыртууга жардам берүүгө даяр», — деп билдирди ал.
«Бири-бирине өнүгүүнүн таянычы болуу»
КЭР Төрагасы эки өлкөнүн саясий алакасына өзүнчө токтолду. Анын айтымында, Кыргызстан менен Кытай жогорку деңгээлдеги байланыштарды жана өз ара колдоону сактап калышы керек.
«Кытай менен Кыргызстан ар дайым бири-бирине өнүгүүнүн таянычы болуп, жогорку деңгээлдеги байланыштардын жана жогорку деңгээлдеги кызматташтыктын бар болгон жакшы динамикасын колдошу керек», — деп жазды ал.
Си Цзиньпин ошондой эле эл аралык жана аймактык маселелерде Бишкек менен Пекиндин өз ара аракеттенүүсүн белгиледи.
Анын айтымында, дүйнөдөгү жана аймактагы татаал кырдаалдын фонунда өлкөлөр тыгыз көп тараптуу алакаларды жүзөгө ашырып, «дүйнөнүн тең укуктуу, тартипке салынган көп уюлдуулугун» калыптандырууну жакташат.
Мамилелердин жаңы этабы
Кытай лидери эки тараптуу мамилелер эл аралык туруксуздуктун сыноосунан өтүп, «тарыхый секирик» жасаганын баса белгиледи.
Алдыдагы сүйлөшүүлөрдүн милдеттеринин бири катары Си Цзиньпин мамилелерди мындан ары тереңдетүүнү жана ар кандай багыттар боюнча практикалык кызматташтыкты кеңейтүүнү атады.
«Эки элдин достугунун көптөгөн кичинекей булактары Кытай менен Кыргызстандын достугунун чексиз деңизине куюлушу үчүн, кыргыз досторубуз менен биргеликте көп кырдуу кызматташтыкты кадам сайын алдыга жылдырууга, эки тараптуу мамилелерди жогорку сапатта өнүктүрүүнүн жаңы горизонтторун кол кармашып ачууга даярбыз», — деп жазды КЭР Төрагасы.