Нарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылдыБишкектин айрым көчөлөрүндө 14–16-октябрда газ өчүрүлөтОрусия Кыргызстанга салыктык башкарууну жакшыртууга жардам беретСадыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга бердиЧеттен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда
Бириккен Араб Эмираттарынан 180 кыргызстандык учуп келди
03.05.2020 | 18:15
Бириккен Араб Эмираттарынан 180 кыргызстандык Дубай-Бишкек каттамы аркылуу учуп келди. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады.
Коопсуздукту сактоо үчүн жүргүнчүлөрдүн баары аба майданынын имаратына киргизилбестен, учуу тилкесинен тейленип, обсервацияга жөнөтүлдү.
Буга чейин Бириккен Араб Эмираттарынын бийлиги менен Кыргыз тарап чартердик каттамуюштуруп, кыргызстандыктарды мекенине алып келүү боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн.
26-апрелде Дубайдан үч этаптан турган чартердин каттамдын алгачкысы менен 178 кыргызстандык учуп келген.
Кийинки чартердик каттамдын учагы 10-майда уюштурулат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом