Биринчи май райондук соту экс-депутат Мээрбек Мискенбаевди камакка алды

28.12.2019 | 10:04

Кечээ, 27-декабрда Бишкектеги Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Жогорку Кенештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаевди камакка алды. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.

Жоошевдин айтуусунда, Кой-Таш окуяларында “бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу”, “калайман башаламандык уюштуруу”, “барымтага алуу” боюнча айып тагылды.

Мискенбаев СИЗО-1ге 9-февралга чейин камакка алынды.

Scroll to Top