Кыргызстандын авиациясы ЕБдин «кара тизмесинен» чыктыМурдагы башкы прокурор жана ЖКнын экс-төрагасы Мыктыбек Абдылдаев дүйнөдөн кайттыИран феномени: Кыргызстан эмнени үйрөнүшү керек — экспертЖааган кардан улам Нарын жана Ысык-Көл облустарында майда мал өлдүКыргызстан менен Кипр 2027–2028-жылдарга карата кызматташтык программасына кол коюштуКөп уюлдуу дүйнө технологиялардын тегерегинде курулат — Эсен Усубалиев
Бишкекте 2000 сомдук дарыны 6000 сомго саткан шылуун кармалды
14.07.2020 | 16:22
Бишкекте алдамчылык менен дары сатууга шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы кабарлайт.
Такталгандай, 13-июлда милицияга шаар тургуну кайрылып, Ахунбаев менен Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адам 2000 сомдук дарыны алдап 6000 сомго сатып, из жашырып кеткенин айткан.
Көрүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында бул ишке шектүү катары 31 жаштагы адам колго түшүп, Ленин райондук милициясынын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.
Учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар