Билеттердин баасы, Lufthansa, Милан жана форум: Манасбек Самидинов — КР авиациясынын пландары тууралууКазакстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын медалдык эсебинде биринчи орунду алды — Аскат АлагозовУКМК: Ош бажысынын инспекторлору коррупцияга шектелип кармалдыСадыр Жапаров акыйкатчыга күч түзүмдөрү тарабынан кыйноолор боюнча арыздарды текшерүүнү тапшырдыСоодадан туризмге чейин: Кыргызстан менен Зимбабвенин ортосунда алгачкы саясий консультациялар өттүБишкекте Махатма Ганди көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат
Депутат Бактыбек Турусбеков пневмониядан сакайды
14.07.2020 | 16:28
Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков пневмониядан сакайды. Бул тууралуу ал 14-июлда “Фейсбуктагы “баракчасына жазды.
Эл өкүлү жубайы экөө тең ооруп, учурда жакшы болуп калышканын билдирген.
Буга чейин Турусбеков эки тараптуу пневмония деген диагноз менен ооруканага жаткырылганы айтылган.
Депутат ошондой эле дарыгерлерге ыраазычылыгын айтып, көптөн бери күтүп жаткан кычкылтек концентраторлору келип түшкөнүн, жакынкы убактарда Ысык-Көл облустук жана райондук штабдарга зарыл керек болгон аймактарга таратып берүү үчүн жөнөтүлөрүн кошумчалаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом