Бишкек абанын булганышы боюнча биринчи орунга чыкты

Бишкек абанын булганышы боюнча биринчи орунга чыкты

World Air Quality уюмунун иликтөөсүндө Бишкек абанын булганышы боюнча 7-ноябрда биринчи орунга чыкты. Уюмдун абанын сапаты тууралуу индексинде Бишкектеги көрсөткүч (AQI) 269ду көрсөттү.

Кыргызстандын борбору муну менен Индиянын Дели, Пакистандын Карачи, Лахор, Израилдин Тель-Авив шаарларын артта калтырды.

8-ноябрда баш калаа аба өтө булганган шаарлардын ичинен үчүнчү орунду ээледи.

Дүйнөдөгү абанын сапатын иликтеген уюмдун сайтындагы маалыматта Бишкектеги абалга кооптуу деген баа берилген.

Индекс (AQI) азыр 261 деп турат. Негизи, көрсөткүч 50дөн ылдый болгондо гана аба таза дегенди түшүндүрөт.

Бишкекте акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланды.

Жыл сайын айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталган учурда баш калааны ыш, түтүн каптайт.

Экологдор буга чейин абанын булганышы нормадан бир нече эсе ашып кеткенин айтып чыгышкан. Шаардын асманын кара-көк түтүн каптап турганы тартылган сүрөттөр Интернетте тынымсыз жарыяланып келет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>