Туристтер, студенттер: Москвада «Амина» тиркемесин колдонууга тийиш болгон мигранттардын чөйрөсү кеңейтилетБишкектин 10-кичи районунун бир бөлүгүндө суу убактылуу өчүрүлөт9-августка карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуОш шаарында 249 орундуу заманбап Перинаталдык борбор курулуудаБишкекте Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылатОшто жаңы сквер жана сейил бак курулууда
Бишкек–Чалдовар жолунда айдоочу жөө жүргүнчү аялды өлтүрө сүздү
24.05.2022 | 10:07
Бишкек–Чалдовар жолундагы кырсыктан бир адам каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсык 24-майда саат 00:25тер чамасында Бишкек–Чалдовар унаа жолунун 28-чакырымында катталган.
Анда Беловодск айылынын 26 жаштагы А.Г., аттуу тургуну “БМВ-524” үлгүсүндөгү унаасы менен чыгыштан батышты көздөй бара жатып, жолдун жарыктандыруучу жарыктардын күйбөгөндүгүнөн жолдо өтүп жаткан жөө жүргүнчүнү сүзүп алган.
Натыйжада 35-40 жаштар чамасындагы жөө жүргүнчү аял алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом