Тонировкалоого уруксат 80 миң сом болот. Чет элдиктерге кымбатыраак

Тонировкалоого уруксат 80 миң сом болот. Чет элдиктерге кымбатыраак

Министрлер кабинети транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатуу үчүн жыйымды төлөө жана уруксатты каттоо тартибин бекитти. Мындай чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Унаа» ГУ тонировкалоого уруксатты тариздөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.

Тонировкалоого уруксат жеке жактарга (КР жарандарына) 80 000 сом, юридикалык жактарга 100 000 сом, чет элдиктер үчүн 120 000 сом төлөнөт.

Уруксат үчүн төлөм накталай акча каражаттарын салуу же республикалык бюджетке которуу жолу менен жүргүзүлөт.

«Уруксат бир жылдык мөөнөткө берилет, эгерде ээси уруксаттын мөөнөтү аяктаганга чейин колдонуудан баш тартса, төлөнгөн жыйым уруксатты пайдалануу мөөнөтүнө карабастан кайтарылбайт», — деп кошумчалады министрлер кабинети.

Жүргүнчүлөрдү ташыган (такси) жеңил автомобилдерди кошпогондо, М-1 категориясындагы автомобилдерге тонировкалоого уруксат берилет.

Транспорт каражатынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууга арыз ээсинин каалоосу боюнча жарык өткөрүүнү чектебестен жол берилери белгиленген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>