Туристтер көп. Бишкектен Чолпон-Атага кошумча 28 автобус каттайт

Туристтер көп. Бишкектен Чолпон-Атага кошумча 28 автобус каттайт

Бишкек-Чолпон-Ата багыты боюнча кошумча 20 кичи автобус, 8 автобус даярдалды. Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыктан билдиришти.

Маалыматка караганда, каттам  Ысык-Көлгө каттаган жарандардын жана туристтердин саны көп болгондуктан уюштурулган.

«Бишкектеги автобекеттерде Ысык-Көлгө каттаган  жеңил унаалардын жана маршруттук унаалардын  жетишсиздигине байланыштуу Жол кыймылынын коопсуздугун  камсыздоо башкы башкармалыгы дагы  кошумча маршрттук унааларды уюштуруп,  жүргүнчү ташуучу фирмалардан 20га жакын маршруттук унааларды жана 8 автобустарды  сүйлөшүү жолу менен алышып, Бишкек-Чолпон-Ата каттамына киргизишти. Ошондой эле каттамга чыккан айдоочулардын кан басымы текшерилип, авто унаалардын техникалык абалдары көзөмөлдөнүүдө», — деп жазылат маалыматта.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалы жарандардын жана туристтердин Ысык-Көлгө баруусуна толук кандуу шарттар түзүлгөн жана айдоочулардын өз алдынча жол кире акыларын көтөрүүгө жол берилбей турганын эскертет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>