Жер мафиясы: Жалал-Абадда бир катар кызмат адамдары кармалды

Жер мафиясы: Жалал-Абадда бир катар кызмат адамдары кармалды

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун кызмат адамдары жер тилкелерин мыйзамсыз сатканга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык,  Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун аймагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жасалма чечимдери менен жер тилкелерин мыйзамсыз берүү боюнча көптөгөн фактылар, ошондой эле айыл чарба багытындагы жерлерге трансформациялоосуз жеке турак жай куруу үчүн шаар куруу жана укук белгилөөчү документтерди мыйзамсыз берүү фактылары аныкталган.

Бул факты боюнча 21-июлда “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ноокен филиалынын директору М.Ж. “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ноокен филиалынын жерге жайгаштыруу боюнча адиси М.Р.,  Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнүн адиси Т.Б. жана Ноокен айыл аймагынын мурдагы башчысы Э.Ж. кармалып УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Азыркы учурда бул мыйзамсыз аракеттерди жасоого башка кызмат адамдарынын катыштыгын аныктоого багытталган комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>