Бишкек электросамокаттардын ылдамдыгына чектөө коюу сунушталууда

Бишкек шаарынын мэриясы электросамокаттардын жана башка жеке мобилдүүлүк каражаттарынын ылдамдыгына чектөө коюуну сунуштоодо. «Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» токтом долбоор коомдук талкууга коюлду.
Документте аталган транспорттордун уруксат берилген эң жогорку ылдамдыгын саатына 25 чакырымдан 15 чакырымга чейин азайтуу каралган. Бул чара жөө жүргүнчүлөрдүн жана транспорт колдонуучуларынын коопсуздугун камсыздоо максатын көздөйт.
Мэрия өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын тротуарларда, сейил бактарда жана коомдук жайларда жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кетүү учурларынын көбөйүшү менен түшүндүрдү. Ошондой эле шаарда атайын инфраструктуранын жетишсиздигин белгиледи.
Долбоордо прокат операторлорунун орнотулган ылдамдык чектегичтерин өчүрүү же айланып өтүү фактылары үчүн жоопкерчилигин киргизүү сунушталды. Мыйзам бузуулар кайталанган учурда операторлор менен түзүлгөн келишимдерди токтотуу мүмкүнчүлүгү каралууда.