«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Бишкекте №43 автобустун жүрүү схемасы өзгөрдү
20.05.2026 | 10:15

Бүгүн, 20-майдан тарта Бишкек шаарында №43 автобус каттамынын жүрүү схемасына өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, бул чечим шаардык транспорт тармагын оптималдаштыруу жана жүргүнчүлөрдү тейлөөнү жакшыртуу максатында кабыл алынган. Жаңыланган схемага ылайык, каттам эми төмөнкү көчөлөр аркылуу өтөт:
- Мурас-Ордо көчөсү;
- Школьная көчөсү;
- Жаш Гвардия бульвары;
- Махатма Ганди көчөсү;
- Чүй проспектиси;
- Бейшеналиева көчөсү;
- Токтогул көчөсү;
- Фучик көчөсү.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом