Өткөн ишембиде борбор калаада жалпы шаардык ишембиликтер өткөрүлдү. Бул туурасында Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бекитилген аймактарды тазалоого 470 мекемеден 13 миң 267 адам чыкты. Борбордук аппараттын кызматкерлери Фере көчөсүндөгү “Кыргызстандын 40 жылдыгы” аянтын, шаардык кызматтардын кызматкерлери өздөрүнө бекитилген аймактарды тазалашты.
Жыйынтыгында 1033 бак-дарак отургузулуп, таштанды чыгарууга 25 атайын техника тартылган.