Свердлов райондук билим берүү борборунун бухгалтери кармалды

Свердлов райондук билим берүү борборунун бухгалтери кармалды

Бишкектин Свердлов районунун билим берүү борборундагы коррупциялык схемага бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган борбордун бухгалтери А.А.Ф. бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгарып алуу жана коротуу боюнча коррупциялык схема уюштурган деп шектелүүдө.

«А.А.Ф. райондук билим берүү борборунун кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, аталган борбор тарабынан уюштурулган тендерлерден утуп алган «кызыкчылыгы бир» подряддык уюмдардын эсебине акча которуу жолу менен өзгөчө ири өлчөмдө бюджеттик каражаттарды чыгаргандыгы аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгында, 2014-жылдан азыркы учурга чейин 8 млн 637,4 миң сом зыян келтирилгени аныкталган.

Шектүү 15-августта кармалып, камакка алынган.

Учурда аталган ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

«Анын ичинде башка райондук билим берүү борборлорунда да ушундай фактылардын жана схемалардын бар экендиги текшерилүүдө»,  — билдирет УКМК.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: КООМ , ОКУЯЛАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>