Бишкекте Кызыл-Суу кыргыздарынын аткаруусунда «Манас» спектакли коюлатКыргызстан Кытайдын Улуттук мунай-газ корпорациясы менен тыгыз кызматташатБашка бирөө сиздин атыңыздан кредит алганын кантип билсе болот? Улуттук банк түшүндүрөтКыргызстанда куткаруучулар жөнүндө көркөм тасма тартыла баштадыКурумду чокусунун санариптик картасын ыктыярчылар түзүштү — видеоАкын Аскат Жетиген эркиндикке чыкты
Бишкек – Кант – Токмок жолун оңдоо башталып, жолдун бир тарабы жабылды
24.03.2025 | 15:26
Бишкек – Кант – Токмок жолун оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Учурда жолдун Лебединовкадан Новопокровкага чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Ага байланыштуу жолдун бир тарабы жабылды.
Бишкек – Кант – Токмок жолу этап-этабы менен оңдолот. Министрлик аталган жолдун 18 чакырымына асфальт төшөлө тургандыгын билдирди. Ошондой эле бул долбоордо көпүрөнү оңдоо, эки тарабына тротуар, унаа токтотуучу жай куруу иштери пландалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар