Кыргызстанда контрабанда үчүн кылмыш жоопкерчилигинин босогосун жогорулатуу сунушталуудаОнкология борборуна жасалма интеллект менен иштеген төрт УЗИ аппараты орнотулдуСаламаттык сактоо министри энергетикалык суусундуктарга тыюу салуу демилгесин колдодуЫсык-Көлдө мыйзамсыз балык уулоого шектелген жарандан 777 метр тор алындыКурулуш министри Орунтаев Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалышы мүмкүн деген сөздөргө жооп бердиТСЖнын отчеттуулугунан жаныбарларды коргоого чейин — Дастан Бекешев мыйзам долбоорлору тууралуу
Бишкек – Кант – Токмок жолун оңдоо башталып, жолдун бир тарабы жабылды
24.03.2025 | 15:26
Бишкек – Кант – Токмок жолун оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Учурда жолдун Лебединовкадан Новопокровкага чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Ага байланыштуу жолдун бир тарабы жабылды.
Бишкек – Кант – Токмок жолу этап-этабы менен оңдолот. Министрлик аталган жолдун 18 чакырымына асфальт төшөлө тургандыгын билдирди. Ошондой эле бул долбоордо көпүрөнү оңдоо, эки тарабына тротуар, унаа токтотуучу жай куруу иштери пландалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар