Кыргызстанда куралга уруксат алуу: баш мээни текшерүү — көрсөтмө боюнча, никотинге көз карандылыкты тизмеден чыгаруу сунушталуудаКыргызстанда жумуш издөө жана кызматкерлерди тандоо боюнча мамлекеттик порталдар ишке кирдиБишкектин бир районунда бир жыл ичинде эттин баасын көзөмөлдөө боюнча 181 рейд өткөрүлдүFlydubai’дын учкучтары учуу учурунда мушташып кетишти — окуянын чооБишкекте иттерди сейилдетүү үчүн үч жерде атайын аянтчалар түзүлүүдөБишкектин «Калыс-Ордо» конушунда 1-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
Бишкек — Казань каттамы белгисиз мөөнөткө кармалууда
29.07.2026 | 13:15

NordWind авиакомпаниясынын Бишкектен Казанга багыт алган N4 1488 каттамы бара турган аэропорттун ишине убактылуу чектөөлөр киргизилгендигине байланыштуу расписание боюнча учкан жок. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААК билдирет.
Такталгандай, пландалган учуу убактысы жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:40ка белгиленген.
Каттамдын кармалышына Казань аэропортунда «Килем» (Ковер) режиминин киргизилиши себеп болгон, буга байланыштуу аба кемелерин кабыл алуу жана учуруп чыгаруу убактылуу чектелген.
Каттамга жүргүнчүлөрдү каттоо аяктады. Бортко 192 адам катталган. Бардык жүргүнчүлөр аэропорттун стерилдүү аймагында (күтүү залында) болуп, кийинки маалыматты күтүп жатышат.
Авиакомпания жүргүнчүлөрдү ысык тамак менен камсыз кылууну уюштурууда.
Мындан аркы өзгөрүүлөр тууралуу кошумча маалымдалат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар