Павел Дуров Орусияда эл аралык издөөгө алынды

Павел Дуров Орусияда эл аралык издөөгө алынды. Telegram’дын негиздөөчүсүнө террордук ишмердүүлүккө көмөктөшкөн деген айып тагылганын ФСБ (Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы) билдирди.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, Telegram администрациясы террордук жана экстремисттик уюмдар тарабынан диверсиялык-террордук актыларды жана массалык адам өлтүрүүлөрдү даярдоо, координациялоо үчүн колдонулган каналдарды, чаттарды жана ботторду өчүргөн эмес деп ырастоодо.
Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуровго (Forbes журналынын версиясы боюнча «Орусиянын 155 миллиардери — 2026» рейтингинде 30-орунда турат, байлыгы — 6,6 млрд доллар) Орусияда террордук ишмердүүлүккө көмөктөшкөн деген айып тагылып, эл аралык издөө жарыяланды. Бул тууралуу Орусиянын ФСБсынын Коомчулук менен байланыш борборунан билдиришти.
Борбордун маалыматы боюнча, Дуровго айып «Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 205.1-беренесинин 1.1-бөлүгүндө («Террордук ишмердүүлүккө көмөктөшүү») каралган кылмыш курамынын белгилери боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында» тагылган. «Ал эл аралык издөөгө алынды», — деп баса белгилешти ФСБдан.