Туристтер, студенттер: Москвада «Амина» тиркемесин колдонууга тийиш болгон мигранттардын чөйрөсү кеңейтилетБишкектин 10-кичи районунун бир бөлүгүндө суу убактылуу өчүрүлөт9-августка карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуОш шаарында 249 орундуу заманбап Перинаталдык борбор курулуудаБишкекте Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылатОшто жаңы сквер жана сейил бак курулууда
Кыргызстанда 20-сентябрда Россиянын Мамлекеттик Думасына шайлоо үчүн төрт шайлоо тилкеси ачылат
29.07.2026 | 13:12

2026-жылдын 20-сентябрында саат 08:00дөн 20:00гө чейин Кыргызстанда Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын IX чакырылышынын депутаттарын шайлоо өтөт.
Кыргызстандын аймагында төмөнкү төрт шайлоо тилкеси түзүлгөн:
- №8159 — Россиянын Кыргызстандагы Элчилиги, Бишкек шаары, Манас проспекти, 55, тел.: +996 312 610 905;
- №8160 — №20022 аскер бөлүгү, Кант шаары, тел.: +996 3132 58 860;
- №8161 — №87366 аскер бөлүгү, Каракол шаары, тел.: +996 3922 52 916;
- №8162 — Россиянын Башкы консулдугу, Ош шаары, К. Бобулов көчөсү, 77, тел.: +996 3222 41 470.
Шайлоого 18 жашка толгон жана активдүү шайлоо укугуна ээ болгон Россия Федерациясынын жарандары катыша алышат. Бул үчүн шайлоо тилкесине жеке өзү келип, Россия Федерациясынын жаранынын жарактуу паспортун көрсөтүү зарыл.
Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматына ылайык, өлкө аймагында добуш берүүнү өткөрүү боюнча кеңири маалымат кийинчерээк элчиликтин расмий электрондук ресурстарында жарыяланат.
Теги: выборы